loader

КР Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда 2024-жылдын 24-апрелинде Улуу Британиянын элчилигинин өкүлдөрү менен келечектеги пландар талкууланды

Талкууда мамлекеттер ортосунда биргелешкен курстарды уюштуруу, өз ара усулдук жардамдарды уюштуруу, адистерди алмашуу, Республикалык институттун пилоттук мектептерине материалдык-усулдук жардам көрсөтүү, англис тилди үйрөнүүнү жакшыртуу үчүн тилди жакшы билген чет элдик адистерди мектептерге тартуу, STEM билим берүүнү күчөтүү жана аны келечекте англис тилинде окутуу сыяктуу маселелер зор кызыгууну жаратты.

Жолугушууга Улуу Британиянын тышкы иштер
министрлигинин мамлекеттик башкаруу
тармагындагы кенешчиси Мирза Джахани
жана Улуу Британиянын Аддис-Абебадагы
элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси
Севит Гетачу Деста ошондой эле Улуу Британиянын Бишкектеги элчилигинин Долбоорлор боюнча координатору Анара Аширалиева келишти.